7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстанга 8 медаль буйруду

571

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Казакстандагы Азия чемпионатында 8 медаль жеңишти. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында көрсөтүлүүдө.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.

Төмөнкү кыргызстандык балбандар медалдарга ээ болушту:
— 2-орун — Руслан Царёв (72 кг);
— 2-орун — Калидин Асыкеев (82 кг);
— 2-орун — Атабек Азизбеков (87 кг);
— 3-орун — Нурмухаммед Абдуллаев (55 кг);
— 3-орун — Амантур Исмаилов (67 кг);
— 3-орун — Кайратбек Түгөлбаев (77 кг);
— 3-орун — Бексултан Махмудов (97 кг);
— 3-орун — Мурат Рамонов (130 кг).

Аталган чемпионатка кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Назира Марсбек кызы (57 кг) да катышууда. Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль жеңип алды.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572