7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатабы? Министрликтин жообу

548

12-мартта Елана Акматова аттуу Facebook колдонуучусу гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканын, бул жат көрүнүш экенин жазып, далил катары Lalafo сайтына чыккан жарнаманын сүрөтүн тиркеп чыгарган. Окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, мамлекеттик орган же кызматкер элге берилүүчү унду сатып жатат деген маалыматты четке какты.

«14-январда Министрлер кабинетинин калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын буйругу чыгарылган. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 11467,15 тонна биринчи сорттогу ун республика боюнча таратылган. Ун сатылат деп Lalafo сайтына чыгарган жарнама ээси чынында аталган фонд тарабынан муктаж үй-бүлө катары өзүнө жана майыптыгы бар агасына 2 кап ун бекер алган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тургуну. Жардам катары алган унду өз алдынча сатыкка чыгаруу өз эрки. Ал эми кайсы бир мамлекеттик орган же кызматкер кыянаттык менен элге берилүүчү унду сатып жатат деген пикир жаңылыштык жана чындыкка дал келбейт»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549