7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун лидери аталган чет элдик жаран кармалды

662

«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун лидери аталган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштурган, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун лидери чет элдик жарандын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду. Кармалган жаран Өзбекстан Республикасында “Хизбут-Тахрир” уюмунун аймактык жетекчиси болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында жана Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарында “Хизбут-Тахрир” түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстан Республикасынын аймагында расмий издөөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде ал Өзбекстан Республикасына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663