7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун Өзгөндөгү өкүлү кармалды

562

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Өзгөндөгү өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жалган жашыруун ат менен бир жаран интернет тармагында ушул айдын февраль айынан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдарды активдүү жайылтып жаткандыгы туурасында маалымат алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси боюнча (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголгон. Бул багытта жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин алкагында жарандын өздүгү, жашаган жери аныкталган. Ал Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну, 1969-жылы туулган жаран болуп чыккан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү активдуу түрдө интернет социалдык тармактары аркылуу “Хиз ут-Тахрир аль Ислами” уюмуна таандык болгон диний-экстремисттик адабияттарын жайылтып жана Өзгөн шаарынын кээ бир тургундарына бул уюмдун идеяларын жайылтуу иштерин жашыруун жүргүзүп жүргөндүгү аныкталды. Ошондой эле шектүү Өзгөн шаары боюнча “Хизбут Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун лидери болгон. Анын жанынан аталган уюмга таандык электрондук форматта сакталган материалдар сакталган телефондор алынды. Азыркы учурда, кармалган шектүү камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563