7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты: Бишкекке Иран, Малайзия, Кувейттин командалары келди

808

Бишкекте өтө турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн борбор калаага Иран, Малайзия жана Кувейттин курама командалары учуп келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов да катышат.

Эске салсак, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргызстандын командалары катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809