7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ичегиси чубалып, башы кесилген иттердин үрөй учурган видеосу жарыяланды

2382
Буга чейин Алматыда бакма жана көчө иттери жоголуп, дайынсыз болуп жаткан. Ыктыярчылар Талгарда өз алдынча иликтөө жүргүзүп, иттердин кайда жоголуп жатканын аныкташкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Ыктыярчылар Кендала айылындагы чуңкурдан ичегиси чубалып, баштары бөлүнүп кеткен иттерди табышкан. Алардын айтымында, иттердин башына сокку урулуп терилери сыйрылып өлтүрүлгөн. Аталган жерге камераларды орнотушканда кароосуз иттерди караган унаа камерага түшүп калган. Алар өлүк иттерди ыргыткандан кийин бир канча убакыт өткөндөн соң жерди бетондоп салышкан.
Волонтёрлор Талгар ветеринардык башкармалыгынын кароосуз иттерди кармоочу жайына жоголгон итти издөө шылтоосу менен келишкен. Ал жердеги кызматкерлер иттер табылгандан соң унаанын ичинде эвтаназия болоорун билдиришкен. Андан соң иттерди кармоочу бригадирдин телефонун беришкен, бирок ал иттерди кармабаганын айткан. «Бул жерде бардыгы түшүнүктүү болуп тургандай. Эгер бул маселе тууралуу бийлик жооп бербей койсо анда биздин мыйзамдын, укук коргоо системабыздын канчалык экенин жана аныкталган фактылар канчалык тез арада тыйылаарын билебиз»- дешкен алар.
Тараган видеого соцтармактын колдонуучулары «Эт каяка кетет, колбасагабы же фаршкабы?», «Өлтүрүү ыңгайлуу, жоопкерчилик жок»,  «Бул жерде эт бизнесиби?», «Бул чектен ашып кетти!»- деген комментарийлерди жазышып, бул кырдаалга нааразычылыгын билдиришкен жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2383