7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министри айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

914
Ички иштер министри айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында жарыяланды.
Урматтуу Кыргызстандын айымдары!
Жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март- Айымдардын эл аралык майрамы менен Ички иштер министрлигинин жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көнүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.
Кыргызстандын соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты. Маданият менен искустводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты.
Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч-аялзат!
Бүгүн Сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы,үй-бүлөдөгү бакубаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!! Майрамыңыздар куттуу болсун!
915