7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министрлигинде туу күнү белгиленди

665

ИИМнин Борбордук аппаратында Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтеги салтанаттуу иш-чара КРнын Гимнинин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып, ага ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өз сөзүндө бүгүн мамлекеттин тарыхын, азыркы учурун жана келечегин символдоштурган өзгөчө күн экендигин белгиледи.

“Бүгүн, баарыбыз салтанаттуу саптык тизилүүгө туруп, мамлекеттик Гимнди жүрөгүбүз менен ырдап, өлкөбүздүн бийик символу болгон Мамлекеттик тууну желбиретип көтөрүп, 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул даталуу күн, Мекенин сүйгөн бардык жарандар, ички иштер органдарынын ар бир кызматкери үчүн абдан маанилүү. Андыктан, баарыңыздарды “Мамлекеттик туу күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан туубуз мындан 30 жыл мурда, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдор болгон. “

Манас” эпосунда: Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу, Көк асаба кызыл туу, Көк жаңырган улуу чуу”-деген саптар, Кыргыз элинде мамлекеттин символу байыртадан бар экенин далилдейт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туудагы кырк нуру тегиз чачыраткан күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат. Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Ошентип кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелеп турат.

Туунун кызыл түсү — кубаттуулук менен кайраттуулукту билдирсе, жаркыраган күн — түбөлүк менен өмүрдү билдирип, түндүгү – ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат. Ата-бабаларыбыз тууну бекем тутуп, аны ыйык сактап, кийинки муундарга мурас катары өткөрүп, жогорку ишенимге жол көрсөткөн. Ошондуктан, 30 жылдан бери туубуз өңү-түсүн жоготпой, эл аралык деңгээлде маанилүү орунду ээлеп, мекенибиздин жашоочулары байыркы кайратман калктан куралып, кыйын күндөрдөн чыңалып, сыноолордон сынбаган элден экендигинен кабар берип келүүдө. Даңазалуу элибиз бүгүн¬кү күнгө чейин өз жерин, улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин, каада-салт, үрп-адаттарын жана ыйык тууну аздектеп келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Себеби, туунун жыгылганы – душмандын колуна түшкөнгө же жеңилгенге тете болгон.”, — деди ИИМдин башчысы.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666