7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министрлигине 9 унаа тапшырылды

734

Бүгүн, 6-апрель күнү Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 авто унаа тапшырды.

Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук Ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“ ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси ИИМинин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу колдоо көрсөтө турган Ниссан-Патрол эки авто унаасы өткөрүп берүүдө көрсөтүлгөн туристтик-экологиялык милицияны колдогонуңуз үчүн Элчи мырзага жана ЕККУнун Программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем. Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”, — деди министр Улан Ниязбеков.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735