7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү

678

Бүгүн, 3-декабрда “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган майрамдык иш-чара болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги Нуржан Адылова, «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева, Аламүдүн районунун Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын директору жана окуучулары катышты.

Надира Жусупбекова өз сөзүндө Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганын, муну менен үй-бүлөлүк зомбулукту тааныгандыгын белгиледи.

«Коркунучтуу жана кабыл алынгыс көрүнүштөр менен ар бир адам күрөшүүгө тийиш. Биргелешкен аракет менен гана урпактарыбыз сыймыктана турган өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз», — деди ал.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679