7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Үгүт иштери боюнча 12, добуш сатып алуу боюнча 8 кайрылуу түштү

558

Ички иштер министрлигине эртеден бери добуш сатып алуу боюнча 8 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ИИМдин өкүлү Султан Макилов брифингде билдирди.

«ИИМге 26 кайрылуу түшкөн. Үгүт иштери боюнча 12, добуш сатып алуу боюнча 8, шайлоочуларды ташуу боюнча 3 жана башка маселе боюнча кайрылуу келди.

Ошто, Баткенде, жасалма документтерди жасоого байланыштуу Токтогулдагы шек боюнча маалымат берүү аракети болгон. Ошондой эле социалдык тармакка Бишкек шаарындагы №1312 шайлоо участкасында добуш сатып алуу жүрүп жаткандыгы тууралуу видео жарыялангандыгын баарыңыздар көрдүңүздөр. Окуя болгон жерге документтер тобу келип, сотко чейинки процесстер башталды», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559