7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Коомдук жайларда видеокамераларды көбөйтүү мерчемделүүдө

497

Коомдук жайларда видеокамераларды көбөйтүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«2021-жылдын октябрынан тартып Ички иштер министрлигинде Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору иштеп жатат, анын максаттары жана иш-аракеттери республиканын бардык аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүүгө, коомдук жайларда мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга кызматтардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө, техникалык камсыздоону жакшыртууга, бирдиктүү координациялык платформаны түзүүгө багытталган»,- дешти ИИМден.

Учурда ИИМдин Коопсуздук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун өздүк курамы криминалдык кырдаалдын абалын көзөмөлдөө боюнча иш алып барууда. Өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүү жана укук тартибин камсыздоо, кылмыштуулук менен укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, катталган окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында республика боюнча 136 видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинде Бишкек шаарында -70, Чүй облусунда -10, Ош шаарында -2 , Ош облусунда — 10, Баткен облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда -1, Ысык-Көл облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Талас облусунда — 15.

Бул мезгил аралыгында республиканын аймагында видеобайкоо камераларынын жардамы менен ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө 1995 ашык кылмыштар жана укук бузуулар аныкталган, анын ичинде укук бузуулардын жана кылмыштардын бетин ачуу максатында 1015 ашык фото жана видеотасмалар тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген. Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө аймагын кеңейтүү максатында быйылкы жылы тийиштүү программалык камсыздоону орнотуу жана өлкөнүн аймактарын кеңири камтыган тышкы видеобайкоо камераларын көбөйтүү мерчемделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

498