7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Шылуундардын талаптарын аткарууга шашпаңыз!

559

Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды телефон шылуундарынан сак болууну эскертет. Учурда телефон алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө.

Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Алар жарандардын телефон номерлерине байланышка чыгып, күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, туугандары кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) кабарлоо менен курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышат. Жабыркагандардын арасында чалгандардын көрсөтмөсү боюнча шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, жакындарыңыз менен байланышып, маалыматты тактоону сунуштайт.

ИИМ шылуундардын талаптарын аткарууга шашпай, күнү-түнү иштеген «102» кыска номерине жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө кабарлоону эскертет!

560