7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ильхам Алиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

773

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул майрам жаратылышка болгон чексиз сүйүүнүн жана бийик урматтын жаркын көрүнүшү, ошондой эле миңдеген жылдар бою сыноодон өткөн жашоо философиясынын толук ишке ашырылышы.

Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделет деп ишенем» — деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай, ишмердигине ийгиликтерди жана дос кыргыз элине тынчтык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774