7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

1042

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин жетишсиз салымы белгиленди. Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин активдүү талкуусунун жыйынтыгында абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чаралар жана сунуштар боюнча чечим кабыл алынды.

Курамына илим, экономика жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген кеңеш мүчөлөрү илим тармагындагы көйгөйлүү аспектилерди талкуулашты.

Ошондой эле кеңештин президиумунун курамы түзүлүп, ага кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана кеңештин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1043