7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илон Маск «Америка үнү» жана «Азаттык» радиосун жабуу тууралуу чакырыкты колдоду

365

Америкалык миллиардер Илон Маск АКШ өкмөтү каржылаган «Америка үнү» жана «Эркин Европа/Азаттык» радиолорунун медиа долбоорлорун жабууну колдоду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Report агенттигинин маалыматына ылайык, ишкер АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын мурдагы директору Рик Гренеллдин аталган басылмаларды “өткөндүн калдыктары” жана “ашыкча солчул активисттерге толгон” деп аталган маалыматын бөлүшкөн.

«Ооба, аларды жапкыла», — деп жазган Маск. Европа ансыз деле эркин экенин, бул маалымат каражаттарын эч ким укпай турганын, алар «америкалык салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн жылына миллиард доллар жеп жатышканын» кошумчалады.

Гренелл «Америка үнү» жана «Эркин Европа» радиосун бир жактуу деп айыптап, медиа платформалар радикал солчулдардын оюн аянтчасына айланды деп ырастады.

Бул ЖМКларды каржылоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселе буга чейин АКШдагы консервативдүү чөйрөлөрдө көтөрүлүп келсе, азыр ал дүйнөдөгү эң таасирдүү ишкерлердин биринен колдоо тапты.

366