7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илязбек Балташев: Журналистика — бул жөн гана маалымат таратуу эмес, бул — коом алдындагы чоң жоопкерчиликти талап кылган кесип

18

 Кыргызстанда 7-ноябрь  Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. Бул дата кыргыз тилиндеги алгачкы “Эркин Тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күнү жарык көргөнүнө байланыштуу тандалып алынган. Бул күнү журналисттер өз кесибин майрамдап гана тим болбостон, коом алардын опол тоодой эмгегине баа берип, маалымат мейкиндигин өнүктүрүүдөгү салымын белгилейт.

Бул маанилүү күндү утурлай, журналистиканын баалуулугу, санариптик доордо бул кесиптин өзгөрүшү жана келечеги тууралуу Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев өз оюн “Кабар” агенттигине билдирди.

 Саламатсызбы! Журналистиканын эң негизги баалуулугу эмнеде жана анын коомдогу ролу менен жоопкерчилиги кандай?

— Саламатсыздарбы! Учурдан пайдаланып, жалпы кесиптештерди бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап кетким келет. Журналисттердин коомдогу орду тууралуу сөз кыла турган болсок, акыркы жылдары социалдык медианын кеңири жайылышы менен чыныгы журналисттерди блогерлер же социалдык тармактарда блог жүргүзүүчүлөр менен жаңылыш салыштырган учурлар көбөйдү. Бирок журналистика — бул жөн гана маалымат таратуу эмес, бул — терең билимди, анализ жүргүзүү жөндөмүн жана коом алдындагы чоң жоопкерчиликти талап кылган кесип.

Журналист — бул 5 жыл билим алып, ар кыл темада изилдөө жүргүзүп, маалыматтын чын-төгүнүн текшерип, аны элге так жана ишенимдүү түрдө жеткире билген адис. Алар коомдун көзү, кулагы жана абийири десек жаңылышпайбыз. Себеби журналисттер күн-түн дебей, элге туура маалымат жеткирүү үчүн изденип, далил издеп, окуянын чыныгы маңызын ачууга аракет кылышат.

Алар — кадимки аскер кызматкерлери сыяктуу эле, ар бир фактынын чындыгын аныктоо үчүн жер кыдырып, маалымат булагын тактап, ошол эле учурда татаал темаларды жөнөкөй тил менен элге түшүндүрүп бере алган эмгекчил кесипкөйлөр.

Ошондуктан журналисттердин коом алдындагы зор жоопкерчилигин эске алуу менен, бул кесип — сый-урматка, кадыр-баркка жана өзгөчө баалоого татыктуу экенин баса белгилеп кетким келет.

 Бүгүнкү күндөгү кыргыз журналистикасына кандай баа бересиз?

— Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттары бар экен. Алардын арасынан катталып коюп андан ары иш алып барбай же коомчулукка анчейин чыкпагандары да бар. Арасынан 700дөйү — активдүү иш алып барып жаткандар. Негизинен алганда Кыргызстандагы медиага көз сала турган болсок, ал жөнүндө сыймыктануу менен айта алабыз. Бизде Борбор Азия жана кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги сакталган жана адамдын кадыр-баркын баалай билген журналисттер эмгектенет.

— Санариптик журналистиканын өнүгүшү салттуу медианы кандай өзгөрттү деп ойлойсуз?

— Санариптик журналистиканын өнүгүшүн социалдык медианын кошулушу деп түшүнсөк болот. Муну ар ким ар кандай кабыл алышы да мүмкүн. Мисалы, бизде улуу муундун айрым өкүлдөрү аны өздөштүрүүдө ыңгайсыздыктарды сезиши мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда биз анын жакшы жагын алууну үйрөнүшүбүз керек. Себеби, ал маалыматтарды дүйнөгө жайылтууда, коомчулукка таратууда негизги курал болуп саналат. Муну менен бирге эле биздин жашоого жасалма интеллект деген нерсе кирип келди. Анын дагы пайдалуу жагын өздөштүрсөк болот. Бирок, аныктап, тактагандан кийин гана коомчулукка жарыялаганыбыз оң. Кээ бир учурларда ЖИ адамды адаштырып да коюшу мүмкүн. Андыктан, социалдык медианын кирип келиши — журналисттик кесипке жеңилдиктерди алып келди десек болот.

— Жасалма интеллект журналистикага кандай таасир этиши мүмкүн? Негизи эле бул кесиптин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

— Интернеттин кирип келиши менен почта кызматкерлеринин иши азайды. Атап айтканда кат жеткирүүчү почточу кызматы жоюлду. Бирок, алар иш кагаздары, ташуу-жеткирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Азыркы учурда Тил комиссиясы дагы ЖИ менен текстти үнгө оодарып же тескерисинче үндү текст кылып жазып берген форматты иштеп чыгып жатышат. Бул дагы журналисттер үчүн чоң жеңилдик. Бирок, ЖИ журналисттик кесиптин ордун тартып алат деп коркуунун кереги жок. Мисалы, дикторлордун ордун алмаштырышы мүмкүн. Бирок, баары бир ошол роботторду башкарганга, ичине текст салганга адам керек. Күнүмдүк кыска-нуска маалыматтарды айтканыбыз менен улуттук баалуулуктар, тил, маданият, нарктуулук жөнүндө ЖИ адамдын өзүндөй билбейт. Андыктан, адамзат жашап турган убакта журналисттик кесип эч качан жоголбойт

— Кыргызстан Журналисттер союзу азыркы учурда кандай долбоорлорду ишке ашырып жатат?

— Буга чейин журналисттер союзун коомго таанытуу иш-аракеттерин жүргүзүп келдик. Андан сырткары, эл аралык журналистиканын тажрыйбаларын Кыргызстанга алып келүү аракеттерин көрдүк. Ошондой эле союздун алдында жети кишиден турган этика кеңеши түзүлдү. Алар журналисттер коомдук пикирди же кайсы бир окуяларды чагылдырууда сот жообуна тартылып калбашынын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Себеби, мындай учурлар “мынча журналист кармалды, сот жообуна тартылды” деп эл аралык рейтингге каттала берет экен. Бул кеңештин техникалык базасын чыңдоо максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты бизге атайын техникаларды тапшыруу алдында турат.

Андан сырткары көзү өтүп кеткен журналисттердин эмгектерин кийинки муунга калтыруу иштери жүргүзүлүүдө. Коомго салымын кошкон, ардактуу эс алууда жүргөн ардагер журналисттерди күн мурун биринчи жолу “Ардактуу журналист” деген наам менен сыйлоо иш-чарасын өткөрдүк. Алдыда башка дагы жасай турган иштерибиз арбын.

19