7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индиядан Кыргызстанга баңги заттарын ташып келген чет элдик жарандар кармалды

238

Индиядан Кыргызстанга баңги заттарын ташып келип жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет элдик жарандардын (Индия Республикасынын жарандары) «Indianproduct» дүкөнү (Instagram социалдык тармагында) аркылуу баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Индия Республикасынын эки жараны кармалды, алар: — 2006-ж.т. «D» жана 2003-ж.т. «S.M.». Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү баңги зат каражаттары (кара куурай чайыры «гашиш»), ошондой эле психотроптук баңги заттар табылган.

Учурда баңги заттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

239