7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индонезияда жума намаз учурунда жардыруу болуп, 54 адам жаракат алды

196

Индонезиядагы мектеп мечитинде жума намаз учурунда болгон жардыруудан 54 киши жаракат алды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, жардыруу Жакартадагы мектеп комплексинде болгон. Учурда аймакты куралдуу полиция кайтарып жатат.

Шаар полициясынын башчысы Асеп Эди Сухери  Келапа-Гадингдеги курулушта болгон жарылуунун себебин иликтеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, орто жана оор жаракат алган 54 адам ооруканага жеткирилген. KompasTV жана MetroTV жаңылык каналдары полициянын мектепти курчоого алып, тез жардам унаалары жакын жерде токтоп турганын көрсөткөн кадрлар менен бөлүшүштү.

 

 

197