7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«interes_talas» инстаграм баракчасынын администратору кармалды

425

25-февралда 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Милицияга Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 8-февраль күнү арыздануучунун уюлдук телефонуна белгисиз “interes_talas” аттуу инстаграм социалдык баракчасынан жазып, жеке аброюна шек келтирүүчү сүрөттөрүн коомго чыгарам деп коркутуп, 5000 сом акча каражатын опузалап талап кылган. Эгерде белгиленген акча каражатын бербесе, видеосун баракчага чыгара тургандыгын айткан.

Аталган окуя боюнча «опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин жабуу максатында Талас шаарынын эки тургуну милиция кызматкерине 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Т.Х. аттуу жаран 25 000 катталуучусу бар “interes_talas” инстаграм социалдык баракчасын иштетип жүргөндүгү, ал эми И.С. аттуу жаран анын тууганы экендиги аныкталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

 

426