7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернет аркылуу баңгизат сатып жүргөн 30 онлайн-дүкөн аныкталды

821

Интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Darknet, ViPole, Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн мониторинг жүргүзгөн.

Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында Бишкек шаарында интернет дүкөн аныкталып, ал жактан башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, 10 млн. сумманы түзүүчү, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу, өндүрүүчү баңгилик лабораторияга бөгөт коюлган.

Азыркы күндө баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды таркатуучу интернет-дүкөндөрдү уюштуруучулар жана ага тиешеси бар жактар аныкталып, “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана “Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелерине кирүүчү предметтердин контрабандасы” беренеси боюнча фактылар катталган.

Учурда интернет мейкиндигиндеги кылмыштарды токтотуу, синтетикалык баңгизаттарды өңдүрүүчү баңгилик лабораторияларды уюштурган жактарды аныктоо иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822