7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инженер Тимур Оторбаев: Кытай менен кызматташтык – коркунуч эмес, мүмкүнчүлүк

9

Кытай менен кызматташтык — коркунуч эмес. Бул — мүмкүнчүлүк. Ал эми бул мүмкүнчүлүктү «коркунуч» катары көрсөтүп жаткан адамдар өлкөнүн өнүгүүсүнө каршы иштеп жатышат. Бул тууралуу инженер Тимур Оторбаев фейсбуктагы баракчасына билдирди.

«Жыйырма жылдан ашуун инженердик тажрыйбасы бар адис катары мен ар бир маселени ушак-айыңга эмес, так маалыматка карап баалайм. Акыркы мезгилде «Кытай жерибизди басып алат», «суверенитеттен айрылабыз», «мигранттар агылып келет» деген сөздөрдү угуп жатабыз. Бирок булардын эч бири фактыларга дал келбеген техникалык жактан неграмоттуу мифтер.

Биринчи. Кытайдын Кыргызстанга карата эч кандай территориалдык талабы болгон эмес жана жок. Эки өлкөнүн чек арасы толук аныкталган. Бир да мамлекеттик документте, программада же долбоордо мындай мазмундагы маалымат жок. Бул – жөн гана саясий спекуляция.

Экинчи. Экономикалык долбоорлор – бул суверенитетти жоготуу эмес, дүйнөдөгү бардык өнүгүп жаткан өлкөлөр өтүп жаткан табигый жол. ТЭЦ, жолдор, тоннелдер, көпүрөлөр – бул «басынып алуу куралы» эмес, кадимки инженердик объектилер. Техниканы түшүнбөгөндөр гана алардан коркунуч «таап» алышат.

Үчүнчү. «Көп сандап мигрант келип жатат» деген сөз — толугу менен миф. Кытайлык адистер белгилүү мөөнөткө келишет жана жумуш бүтөрү менен кайтып кетишет. Алар бул жакта квартал куруп, жер сатып алып же чоң диаспора түзгөн жок. Массовый көчүп келүү фактылары такыр болгон эмес.

Эми эң негизгиси — кесипкөйлүк жөнүндө. Акыркы жылдары Кыргызстанда Кытайдын катышуусу менен бир топ ири объекттер курулду:

* Бишкек ТЭЦинин реконструкциясы,
* жолдор жана тоннелдер,
* көпүрөлөр,
* автоөнөр жайындагы жаңы технологиялар.

Бул иштер чоң инженердик эсептөөлөрдү, так пландаштырууну, заманбап материалдарды жана жогорку дисциплинаны талап кылат. Эң маанилүүсү — алар билим берет. Биздин механиктер, энергетиктер, технологдор мурда кол жетпеген тажрыйбага ээ болуп жатышат. Бул — чыныгы инженердик мектеп.

Профессионалдар өсөт — Telegramдагы коркутуу постторунан эмес, реалдуу объекттерде иштеп, реалдуу технологияны колдонуу менен. Албетте, техникалык, экологиялык жана кадрдык көзөмөл сөзсүз зарыл. Эгер биз долбоорлорду ушактар сыяктуу тыкыр көзөмөлдөгөндө, өлкөдө көйгөйлөр азыраак болмок.

Мен бул сөздү кандайдыр бир өлкөнү жакташ үчүн эмес, 20 жылдан бери техниканын ичинде жүргөн инженер катары айтам:
Кытай менен кызматташтык — коркунуч эмес. Бул — мүмкүнчүлүк. Ал эми бул мүмкүнчүлүктү «коркунуч» катары көрсөтүп жаткан адамдар өлкөнүн өнүгүүсүнө каршы иштеп жатышат. Эгер биз күчтүү Кыргызстанды кааласак — технологиядан коркпостон, аларды өздөштүрүшүбүз керек. Жаңы муундагы инженерлерди даярдап, эртеңки экономикалык жана инфраструктуралык өсүштү өзүбүз курууга тийишпиз», — деди ал.

10