7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар коло медаль багындырды

891

Иордания мамлекетинин Амман шаарында жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 75 кг салмактагы Закиров Мухаммадазизди, 46 кг салмактагы Зафарбай Камиловду жана алардын машыктыруучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев кабыл алып, спортчуларды ийгилиги менен куттуктады.

Шаар башчысы өз сөзүндө өлкөбүздүн желегин желбиретип, дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларды ар дайым колдоп келээрин, мындай иш-аракет алдыда улантылаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатка Жалал-Абад шаарынан жалпы 4 спортчу барган. Жаш спортчуларды Марат Шамамтов жана Акмат Азимов машыктырып келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892