7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ирандын президенти кыргыз элин куттуктап, ырыскы менен берекеге толгон жыл болушун каалады

651

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Нооруз жалпы адамзат баалуулуктарына багытталган цивилизациянын символу жана Жаратканды урматтоо, үй-бүлөнү кадырлоо жана дүйнөнү түзүү маданияты — анын жетишкендиктеринин бийик чокусу болуп саналат. Жаңы кылымда дүйнөнүн диний жана адамдык баалуулуктарга умтулуусу күчөп, ар бир күн Сиздин өлкөңүздөгү бардык адамдардын жүрөгүнө Нооруз сымал кубаныч тартуулап, биздин аймактын элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдейт деп ишенем.

Иран Ислам Республикасы бул маданий тилектештикти чыңдоону жана кеңейтүүнү бардык регион жана дүйнө өлкөлөрү үчүн тынчтык каалоо катары эсептеп, ушуга байланыштуу бардык өлкөлөргө достук колун сунууда», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик каалап, ал эми КРнын боордош жана дос элине бакыт ырыскы менен берекеге толгон жыл болушун тиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652