7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдө баңгизат ташып саткан топтун 9 мүчөсү кармалды

465

«Орусия-Казакстан-Кыргызстан» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Принцесса — Дури» интернет-дүкөнү аркылуу кылмыш иштерин жүргүзгөн КРнын 9 жараны кармалган. Тинтүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 8 кг 700г болгон 52 миллион 200 миң сомдук «мефедрон», «клефедрон» жана «туз» синтетикалык баңгизаттары табылган. 

Кармалган жарандар таркатылган баңгизаттарынын карыздарын өндүрүү үчүн жана бул баңгиканалдын уюштуруучуларынын буйрутмаларын так аткарбагандары үчүн «баңгизатты катуучуларын» күч колдонуу аркылуу жазалоо менен алектен.

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жана Бишкек шаардык №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери улантылууда.

 

 

466