7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдө уурулукка шектелип, 2 жыл издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

664

Араванда дүкѳндѳн телефондорду уурдаган коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки жыл мурда ири ѳлчѳмдѳ уурулукка шектелип издөөдө жүргөн чет ѳлкѳлүк жаран кармалды.

2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү Араван районунун тургуну К.М. аттуу жаранга таандык үй-тиричилик дүкѳнүнѳ белгисиз адам мыйзамсыз жашыруун түрдѳ терезесин сындырып кирип, анын ичинен ар биринин баасы жыйырма миң сом болгон таңгактарга салынган 8 даана жаңы уюлдук телефондорун уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, 2022-жылдын 4-мартында бул кылмышка шектүү катары Ѳзбекстан Республикасынын жараны Анжиян облусунун жашоочусу 19 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бѳлүгүнүне 4-пунктунда каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, Араван райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 15 күнгѳ камакка алынды.

Азыркы учурда арыз ээсине келтирилген 160 миң сомдук чыгымдын ордун толтуруу боюнча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665