7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири суммада пара алып, сөзүнө турбаган аткаминер кармалды

410

Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору алдамчылыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

А.Г.Н. аттуу жаран Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору 11 700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражат алганын, Ош облусунун аймагында жеке турак жай үчүн жер тилкесин берүүнү убадалаганын айтып кайрылып, чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган кызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо жолу менен акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш схемасынын бардык катышуучулары аныкталууда.

411