7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

717

Мурда бир нече жолу соттолуп, ишкерден опузалап акча талап кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап акча талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аныкталгандай, чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап келген. Ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн.

2020-жылдын ноябрь айында телефон чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылып, ири суммадагы акчасын алып кетишкен. Опузалап талап кылган жаран ишкердин акчасын алуу үчүн өзүнүн жакын адамын жиберип жүргөн. Кылмышкерлер алып жүргөн акча каражатынын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт.

Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонуп жүргөн. Бир жыл өткөн соң гана опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон. Аталган фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун 36 жаштагы О.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аны тергөө кызматына жеткиришкен. Андан сырткары, ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин өздүгү дагы такталып кармалган.

О.Ж. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718