7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген мамлекеттик кызматкерлерге иш козголду

645

Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген мамлекеттик кызматкерлерге карата укук бузуу жөнүндө иш козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “П.С.” курулуш компаниясынын кайрылуусунун негизинде Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу каралды.

Натыйжада, ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелинген Агенттиктин кызматкерлери мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жогоруда аталган курулуш компаниясынын курулуш иштери жүрүп жаткан объектисинде мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөндүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча мыйзам бузууларга жол беришкен кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси (“Кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу”) менен укук бузуулар жөнүндө иши козголуп, соттун кароосуна жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646