7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аялдын 2 колун байлап, 5 миң АКШ долларын алып кеткен». Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

920

Ошто  каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал мурда адам өлтүрүү жана баӊгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Өзгөн районунун 1982-жылы туулган  Ч.Т аттуу жараны Ош шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жаткан жеринен кармалды.  Ч.Т өзүнүн кылмыштуу шериктештери болгон 1993-жылы туулган К.Н. жана 1996-жылы туулган С. уулу Б. менен биргеликте  Ош шаарында жашаган 1984-жылы туулган М.А. аттуу аялды, жашап турган үйүнө кирип бара жатканда, аркасынан кирип барышып, эки колун жана оозун скотч менен байлашып, сумкасындагы 5000 АКШ долларын тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.Н. жана С.уулу Б. изи сууй электе кармалышып, негизги уюштуруучусу Ч.Т. издөөдө болгон.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар  Жазык Кодексинин 202-беренесинин 3-б 3-п (каракчылык) (эски кодекс) каралган кылмыштын белгилери менен Ош ШИИБне катталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кимде-ким бул жарандан жабыр тарткан болсо 03222-4-82-82 телефон аркылуу байланышып коюну суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921