Чүй облусунун Панфилов районунда 278 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын эсебинде каттоодо турбаган Чүй облусунун Панфилов районунун айыл аймактарында жайгашкан жалпы аянты 278 гектарды түзгөн айыл чарба жерлери аныкталды.
Айрым айыл аймактарында мамлекеттик органдардын эсебине алынбаган айыл чарба жерлери бар экендиги аныкталып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери аталган жерлерди муниципалдык менчикке алуунун милдеттүү жол-жоболорун сактабастан аффилирленген жактарга ижарага берип келишкен. Тергөөгө чейинки иштердин алкагында катталган материалдарга ылайык мыйзам бузуу менен пайдаланылган 278 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды.
Мындан тышкары дайындалган комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө аймагынан чыгып кеткен же каза болгон жарандардын үлүштүк жерлерине мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары жана мамлекеттик органдардын эсебине алынбаган жерлер аныкталды.
Учурда аталган иштерге күнөөлүү тараптардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча иштер аткарылууда.