7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Изилдөөлөр аяктады. Барскоон-Бедел жолунда туннель казуу иштери башталды

12

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан ири инфраструктуралык долбоор Барскоон-Бедел автожолунун курулушу уланууда. Долбоор боюнча изилдөө иштери аяктап, акыркы этабы башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорлоо иштери дээрлик аяктап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан керектүү техникаларды жеткирүү, бетон заводун куруу жана жумушчуларды мобилизациялоо иштери аткарылды.
Долбоорлоо иштери курулуш иштери менен айкалыштырылып жүргүзүлүп жаткандыктан, долбоордо каралган эки тоннелде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. № 1 тоннелде 49 адис жана 55 техника иштеп, 15 метр казуу иштери жүргүзүлдү. Ал эми № 2 тоннелде негизги тоннелде 13,2 метр жана параллелдүү штректе 12 метр казылды.
Белгилей кетсек, Барскоон—Бедел автожолунун жалпы узундугу болжол менен 150 км түзөт. Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен чек арасындагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 даана эстакадалык кɵпүрɵ) жана коргоочу инженердик курулмалар куруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

13