7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Израилде кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду

733

Израилде Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаткан кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Кыргызстанда эки ысым эрк эркиндигинин символу болуп калды – 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарова жана эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген балдардын символу болгон Эстер Сингер. Тилекке каршы, Эстер дагы көптөгөн балдардай эле жолдон аман калган жок, бирок орусча Сретенка деген кыргыз айылына орнотулган Эстердин ташы ошол жылдары да жана бүгүнкү күндө бир экенибизди билдирет», — деди Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө.

Буга чейин маалымдалгандай, министр Израилде иш сапары менен жүрөт жана израилдик кесиптеши менен кыргызстандыктардын Израилдеги жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган. Делегациянын курамында Билим берүү министринин орун басары Авазбек уулу Расул да бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734