Аламединде 19 жаштагы Мадумарова Малика Алмазбековна изделүүдө. Бул тууралуу ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 5-мартта Д.А. аттуу шаардын тургуну арызы менен кайрылып, жээни 2003-жылы туулган Малика Мадумарованы издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 4-мартта Аламедин-1 кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес, учурда анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою болжол менен 180-185 см, арык чырай, чачы кыска, көзү күрөң.
Кийими: Көк түстөгү узун куртка, кара шым, кара кофта, кара өтүк.
«Урматтуу жарандар! Эгер сиздер Мадумарова Малика Алмазбековнанын жүргөн жерин аныктоочу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү номерлерге билдирп коюшуңуздарды өтүнөбүз: 0 552 102-743, 0 702 49-88-88 и 102»,- деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт Бишкек шардык Свердлов райондук милициясында каттоого алынып, учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.