7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турак жайынын техпаспорттору бар тургундар каттоого алынууда

571

Борбор калаанын конуштарындагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор түзүлүп, арыздарды кабыл алуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Калкты тейлөө борборунун, РИИБнин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Жер-Ынтымагы жаңы конушуна көчмө жыйын уюштуруп, шаар тургундарына учурда жашаган жерине ылайык каттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн конушка  участкалык милиционер бекитилди.

Өз ыктыяры менен салынган турактарда жашаган  жарандарды өз укуктары жана эркиндиктери менен камсыз кылуу, мамлекеттик, муниципалдык, социалдык, медициналык жана башка кызматтарды алуу үчүн жарандар техникалык паспорту болгон учурда өз ыктыяры менен салынган  турак жайга каттала алышат.

Учурда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлеринен 5 мобилдик топ түзүлүп, алар керектүү техникалар менен жер-жерлерге чыгышат.

Эскерте кетсек, 9-мартка карата өз ыктыяры менен салынган турактарга  техникалык паспорт даярдоо боюнча 7054 арыз кабыл алынып, 3091 паспорт даярдалып, 2631 техникалык паспорт берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572