7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйдүн тазалыгы, ойдун тазалыгы! Бул лайвхактарды колдонуп көрүңүз

652

Дем алыш күндөрү баарыбыз эле үйдү тазалап, жыйнайбыз. Бул ирет бош убактыңызды жана күчүңүздү минималдуу коротуу менен үйүңүздү  тазалоо үчүн бир канча лайвхактар менен бөлүшөбүз. Бул кеңештер жөнөкөй жана сиздин жашооңузду жеңилдетет деген ойдобуз.

  • Биричи кеңеш көмөч үчүн жаңы жашоо

Баардык аял заты күйүп калган көмөчтү алмаштырууга шашат. Бирок аны алмаштуурунун оордуна күйгөн көмөчтү тазалоо үчүн пияз менен апельсин аралашкан уксусту колдонуп тазалап көрүңүз жыйынтык дароо байкалат.

  • Экинчи кеңеш

Бут кийим сактоо үчүн атайын айнек идиштерди (контейнерлерди) пайдаланыңыз. Бул сиздин убактыңызды үнөмдөйт. Ачык идиштен керектүү бут кийимди бат таба аласыз.

  • Үчүнчү кеңеш

Жуунучу бөлмөңүздөгү дренаж дайыма бүтөлүп кала берсе, кадимки резинаны түбүнө салыңыз. Ал жерден чачтар жана таштандылар канализацияга кетпей резинада сакталып калат.

  • Төртүнчү кеңеш

Түстүү кийимдердин өңү өчүп калса, кир жуугуч машинага салып жатканда бир стакан туз кошуп койсоңуз, кийимиңиз мурунку өңүнө кайтып келет.

  • Бешинчи кеңеш

Коонок тоскондон кийин же тойдон кийин идиш жууганга күчүңүз жетпесе, кир идиштерди сууга чылап коюңуз. Кийинки күнү тазалоо тезирээк болот. Бирок, болушунча ошол күнү жууганга аракет кылыңыз.

  • Алтынчы кеңеш

Ар бир нерселерди өз ордуна коюуга күн сайын 15 мүнөт бөлүңүз: ашканадагы кружкалар, боёнучу үстөлдүн үстүндөгү тарак жана башка нерселер, оңдоо үчүн майда буюмдарды ж.б.  ордуларына салып коюңуз.

653