7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Күч колдонуп, акчасын жана телефонун тартып алган». Бишкекте каракчылыкка шектелген 2 жаран кармалды

878

Милиция тарабынан каракчылыкка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

26-мартта Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 24-мартта болжол менен саат 23:27 чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде күч колдонуу менен телефонун жана 17,5 миң сомун тартып алган кишиге чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1994 жана 1993-жылы туулган жарандар кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакка алынышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879