7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери коомдук транспортто акысыз жүрүшү мүмкүн

186
Жаңы жылдан баштап күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери да коомдук транспортто бекер жүрүшү мүмкүн. Тийиштүү токтом долбоорун Бишкек мэриясы даярдап, коомдук талкууга илди.
«Мындай жеңилдик Бишкек жана Ош шаарлары үчүн каралууда. Өкмөт тиешелүү токтомду кабыл алса, эреже ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук, чек ара, өзгөчө кырдаалдар, прокуратура, жаза аткаруу, атайын байланыш кызматтарынын пенсионерлерине тиешелүү болот», — деп айтылат документте.
Эркектер 50 жаштан, аялдар 45 жаштан баштап муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрө алары кошумчаланды.
Жергиликтүү бийликтин чыгымы республикалык бюджеттен компенсацияланмакчы.

 

187