7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөттөргө мониторинг жүргүзүү үчүн сыноо режиминде портал ишке киргизилди

144

Кыргызстанда токой жана бак-дарактарга мониторинг жүргүзүү үчүн электрондук портал түзүлдү, учурда ал сыноо режиминде иштеп жатат. Бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.

Портал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

— ар бир отургузулган жердин GPS-координаттарын аныктоого;
— токой массивдерин, жемиш бактарын жана жол боюндагы тилкелерди бөлүүгө;

— аймактар боюнча пландардын аткарылышын онлайн режимде байкоого.

Мусаевдин айтымында, жашылдандыруу боюнча иштердин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында электрондук система Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте киргизилүүдө. Берилген тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү — 2026-жылдын 31-мартына чейин.

«Эми биз кайсы жерге кандай дарактар отургузулганын көзөмөлдөп, отургузуулардын натыйжалуулугун талдап чыга алабыз», — деп кошумчалады ал.

145