Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, жол жабылган.Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Мындан улам райондогу №70 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп саат 16.02де, буга кошумча дагы 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб соляркасы толугу менен күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан натыйжада 15 га куураган чөп күйгөн»—дешти министрликтен.