7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынып баштады

251

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть азыктары менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрүп, нефть азыктарын жеткирүү, резервдердин көлөмү жана логистика маселелерин талкууга алышкан.

Күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө көңүл бурулуп, өзгөчө Кыргызстандан Евразия экономикалык союзунун бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана нефть азыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынгандыгы белгиленди.

Жыйында Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга күйүүчү-майлоочу майлардын баасына көзөмөлдү күчөтүү менен жетиштүү резервдерди түзүү боюнча бир катар атайын тапшырмаларды берди.

252