7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулаткандарга чара көрүлөт

235

Күйүүчү-майлоочу майдын баасын негизсиз жогорулатып жаткан ишкерлер жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, АИ-92 жана дизелдик майлар социалдык маанилүү товарлардын катарына кирет. Ошондуктан, айрым компаниялар каалагандай баа коюуга аракет кылса, мамлекет тарабынан жөнгө салуу механизми иштетилет.

Ал баанын өсүшүнө ички себептер эмес, тышкы факторлордун таасири тийип жатканын айтты.

“Күйүүчү май дүйнөлүк биржалык товар. Бизде өндүрүш аз болгондуктан, негизинен Орусиядан ташылып келет. Ошондуктан дүйнөлүк рынокто баа жогоруласа, ал бизге да түз таасир берет. Тилекке каршы, Кыргызстан өз муктаждыгынын болгону 5 %ын гана өзү камсыздай алат”, — деп белгиледи Орозбаев.

236