7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсү 44 жаштагы аялын түнү бою чынжыр менен байлап салган

1536

Костанай облусунун Тобол шаарында күйөөсү аялын таңга чейин чынжыр менен байлап койгон. Бул тууралуу Костанай облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргенин Alau.kz жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы аял күйөөсүн жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз менен милицияга кайрылган. Аялдын айтымында, түндө үй-бүлөлүк чыр чыгып, күйөөсү буттарын темир чынжыр менен жылытуучу радиаторго байлап салган. Ал таң атканга чейин ошол жерде отурган.

«Күйөөсү аялын спирт ичимдиктерин көп ичкени менен түшүндүрүп, түнкүсүн качып кетпесин деп байлап койгон.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул беренеде үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө же ошол эле мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1537