7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлдөгү «Фонтан» пансионатын алдамчылык жолу менен алып алган деген жаран кармалды

834

УКМК мурда келтирилген коррупциялык схемаларга каршы иш-чаралардын алкагында, Ш.Д. аттуу жарандын жана башка адамдардын «Фонтан» пансионатын алуудагы алдамчылык фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Такталгандай, «Фонтан» пансионаты ири өлчөмдө салык карызы болгондуктан, О.Г. аттуу чыныгы ээсине билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, бул пансионатты кайрадан талапкерлерге каттатууга мажбурлашып, ошол Ш.Д. жана башка адамдар тарабынан 2017-жылы жасалма шарттар түзүлгөндүгү аныкталды.

2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан, Фонтан пансионаты менен чектеш жер тилкелери О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин О.Г.нын макулдугусуз 290 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген.

Ш.Д.га карата чогултулган материалдардын негизинде, Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

835