7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8% арзандады

833

Көмүрдүн орточо баасы 24-декабрда 5 миң 211 сомду түзүп, ноябрь айына салыштырмалуу 8,2% арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык,  Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен  (бир тонна үчүн 2 120,1 сом),  Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом), болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна  үчүн 7 599сом),  Кербен (бир тонна үчүн 7 251сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом)  шаарларында катталды.

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

834