Эртең, 1-апрелде өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…12;
 - Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
 - Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
 - Бишкекте түнкүсүн 3…5, күндүз 20…22 градус болот.
 - Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5 градус.
 
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, түштүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.



