Бүгүн, 11-апрель өлкө аймагында аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 18…23, Талас облусунда 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 19…24, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмдөрүндө 13…18 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 21…23, Ош шаарында 20…22 градусту түзөт.