Ош шаарынын Авиценна 20 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төөлөсүн ар дайым жаан-чачын болгондо суу каптайт. Тургундар буга суу түтүктөрүнүн сапатсыз орнотулгандыгы жана курулуш нормаларынын сакталбагандыгы себеп дешет. Бирок сапатсыз иш үчүн эч ким жоопкерчиликти албай келет. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы Акматжан кызы Роза жеринен билдирди.
Көп кабаттүү үй Ош шаардык мэриясынын муниципалык балансында тургандыктан, жарандар жыл сайын шаар бийлигине кайрылып, жарытарлык жооп ала алышпайт. Жаз келиши менен бат-баттан суу топтоло баштаганда күбө болгон тургундар көп кабаттуу турак-жай чөгүп кетпейби деген коркунучта жашап жатышкандыгын айтышууда.
“2016-жылы шаардык мэриядан ипотекага алганбыз, төлөмдөрүн азыр деле төгүп жатабыз, мындан улам, жоопкерчиликти мэрия алышы керек деп эсептейбиз. Башында эшик-терезелер сапатсыз болуп өзүбүз жаңыладык, тепкичтердеги кафелдер да сынып талкаланган. Мэрия бизге сапатсыз үй берди, бирок биз анын акчасын төлөп жатпайбызбы, мындан улам, суу түтүгүн оңдоого колдоо керек. Жаныбызда жеке менчик турак-жайлар болгондуктан суулар топтолуп биздин жер төлөөгө агып түшүүдө, муну тургундар өзүбүз жөнгө сала албайбыз” –дейт жашоочу Сталбек Акматов.
7-каналдын редакциясы кайрылуу боюнча Ош шаарынын вице-мэрлеринен жооп алууга аракет кылдык. Вице-мэрлер Сонунбек Жунусбаев жана Жасур Азимовдор кварталдык комитет маселени чечиши керектигин, жашоочулар каражаттын 50 пайызын көтөрсө, мэрия калган 50 пайызын каржылоого даяр экендиги билдирди.
Белгилей кетсек, Ошто 2016-жылы ипотекалык негизде берилген үйлөрдүн сапатсыздыгы, авариялык абалы боюнча нааразычылыктар бүтпөй келет. Жарандар бул үйлөрдү 12 жылга 4 пайыздык насыя менен алышкан. Атайын критерийледин негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген жана мамлекеттик кызматкерлерге берилген.