7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан Чил-Устун үңкүрү (ФОТО)

540

Чил-Устун үңкүрү — Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан. Үңкүр Чил-Устүн тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Араван кыштагынан 1,5 км түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Үңкүр үч айрыгынан турат. Жалпы узундугу 400 метр, эң ири айрыгынын узундугу 85 метр, туурасы 40 метр жана бийиктиги 25 метр.

Бул үңкүр – Орто Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири. Анда хемоген чөгүндүлөрүнүн бардык Уформалары кездешет. Үңкүрдүн 1-айрыгынын боорлорунда санскрит, араб, орус тилдериндеги жазуулар бар. Санскритчеси XVII кылымга чейин жазылгандыгы божомолдонот. Ошондой эле жергиликтүү элдердин чырактары жана башка байыркы буюмдары табылган. Туристтик-экскурсиялык маршруттарды, дарылоо жайларын курууга эң ылайыктуу. Тарыхчылар үчүн да кызыктуу үңкүр.

Сүрөттү тарткан Исхак Туратбеков.

 

541