7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күрөш боюнча Дүйнө кубогунда Эрназар Акматалиев баштаган 3 балбан коло байгени багындырды

688

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Спортчулар Дүйнөнүн алдыңкы спортчуларынан турган курама команда менен чыгышты.

Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада Ирандык балбандар менен күч сынашып 4:6 эсебинде жеңилишти. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категорияда, Арсалан Будажапов 79 кг салмакта жана Тайырбек Жумашбек уулу 65 кг салмакта күрөштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689